Ош шаарындагы базарда болгон жаңжал боюнча кылмыш иши козголду
Ош шаарындагы базарлардын биринде орун алган жаңжал фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.
Буга чейин социалдык тармактарда базардагы соодагерлердин ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө бир жаранга карата күч колдонулган учур тартылган видео тараган.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деген шек менен төрт жаран кармалып, аларга кылмышка шектүү катары айып тагылды. Алардын үчөө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал эми төртүнчү шектүүнүн жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылып жатканы маалымдалды.