Ош – Ташкент багыты боюнча жаңы каттам ачылат

23-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 34

Кыргызстан аэропорттору ААК маалымдагандай, 2026- жылдын 1-апрелинен тарта Ташкент – Ош багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ишке кирет.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү болот. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөттү түзөт.

Авиабилеттердин минималдуу баасы (жүксүз) эки тарапка 124 АКШ долларынан башталат.

23-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X