Ошко 1,5 млн түп гүл отургузуу пландалууда

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Аймак 133

Ош шаарында быйыл 1,5 миллион түп бир жылдык гүл отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Учурда калаанын алты аймагына эрте жаздагы 20 миң түп жоогазын тигилди.

Гүлдөрдү отургузуу иштерин Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты жүргүзүүдө.

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Аймак 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X