5-октябрь — Ош шаарынын күнүнө карата калаага бир катар боордош шаарлардан расмий делегациялар келди.
Алардын арасында Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынын өкүлдөрү бар.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев делегацияларды расмий кабыл алып, майрамдык иш-чараларга катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда шаарлар аралык достук жана кызматташтыкты бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, туризм, маданият жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу боюнча пикир алышты. Жолугушуунун соңунда делегациялардын өкүлдөрү бири-бирине белектерди тапшырышты.