«ОшМУ» футбол клубуна жаңы автобус тапшырылды

22-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50

«ОшМУ» футбол клубуна Кыргыз футбол биримдигинин карамагында болгон Foton үлгүсүндөгү автобус тапшырылды. Бул тууралуу футбол биримдигинин маалымат кызматы билдирди.

КФБнын биринчи вице-президенти Нурдин Букуев клубдун жетекчиси Айбек Сулаймановго автобустун ачкычын тапшырды.

Букуевдин айтымында, бул демилге футбол клубдарын колдоо, шыктандыруу жана мотивация берүү максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, «ОшМУ» футбол клубу Премьер-Лиганын алкагында Ош шаарынын намысын коргоп келет.

22-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 50
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X