ОшМУда абанын сапатын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган станция ишке кирди

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 74

 Ош мамлекеттик университетинде атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станция ишке кирди.

Анын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышты.

Иш-чарада жаңы станциянын мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө тартиби тааныштырылды. Масуда Айдарбекова долбоор Ош шаары үчүн маанилүү экенин белгилеп, абанын сапатын көзөмөлдөөдө заманбап технологияларды колдонуу экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда чоң мааниге ээ экенин айтты.

Жаңы станция Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө жана экологиялык абал боюнча так маалыматтарды топтоого шарт түзөт.

Иш-чаранын соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрүлдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X