Ошто үч эм төрөлдү
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында үч эм жарык дүйнөгө келди.
Мырза-Аке айылынын 22 жаштагы тургуну Мавлюда Бердигулова 20-февралда көз жарды. Ымыркайлардын салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түздү. Учурда эне менен наристелердин абалы канааттандырарлык. Бул үй-бүлөдө буга чейин бир кыз болгон.
Оорукананын жетекчиси Атабек Жумалиев эне жана ымыркайлардан кабар алып, белек-бечкек жана өз эсебинен 5000 сом сүйүнчү акча тапшырды.
Маалымат үчүн, бул 2026-жылдын башынан бери аталган ооруканада катталган алгачкы үч эм. Эне жана кыздардын бүгүн, 4-мартта үйүнө чыгарылары айтылды.