Ошто өзүн атып алган аскер ооруканада каза болду
Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде өзүн атып алган аскер кызматкери ооруканада каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя катталгандан кийин жоокер Гүлчө аймагындагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер тарабынан ыкчам медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Аталган факт боюнча Чек ара кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери улантылууда.
Белгиленгендей, 2004-жылы туулган И. уулу А. 8-апрелде АК-74 автоматынан ок чыгарып, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.