Ошто №38 мектептин айланасындагы имараттар алынат

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 219

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын айланасын кеңейтүү үчүн жайгашкан объектилерди бузуу боюнча тапшырма берди.

Учурда аталган аймактагы айрым имараттарды бузуу иштери башталды. Бул жерде унаа жуучу жай, кафе жана чарба буюмдарын саткан дүкөндөр жайгашкан.

Калаа башчысы мектептин аймагы кенен болуп, окуучулар менен мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүшү керектигин белгиледи.

Имараты бузулган жарандарга мыйзам талаптарына ылайык кенемте төлөнөт.

14-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак / #ош 219
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X