Ошто 1000 тонналык заманбап соода-логистикалык борбор ишке кирди
Ош шаарынын Төлөйкөн айылында айыл чарба продукцияларын сактоого жана экспорттоого багытталган 1000 тонналык заманбап соода-логистикалык борбор ишке берилди.
Объектти «Азия Органикс» ЖЧКсы куруп, анын ачылышы Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өттү.
Борбордо мөмө-жемиштер жергиликтүү дыйкандардан сатып алынып, Европа стандарттарына ылайык сорттолот. Андан кийин продукциялар шок тоңдуруу ыкмасы менен иштетилип, -45 градустан +5 градуска чейинки температурада сакталат.
Даяр продукциялар негизинен Орусияга экспорттолот. Долбоордун ишке кириши менен 50 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезон маалында 500гө жакын адам жумуш менен камсыз болот.