Ошто 1000ден ашык окуучуга ылайыкташкан заманбап мектеп салынууда

14-май, 2026-ж. / Редакция / Аймак 161

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы Сары-Зоо конушунда заманбап мектептин курулушу уланууда. Долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат.Нет описания фото.

Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемесинин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон курулууда. Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар жана курулуш нормалары сакталып, ар бир этап тиешелүү көзөмөлдөн өткөрүлүүдө.

Учурда курулуш аянтчасында эки нөөмөт менен 70ке жакын жумушчу эмгектенүүдө. Үч кабаттуу мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 1000ден ашуун окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.Нет описания фото.

Белгиленгендей, жаңы мектеп аймактагы окуучу орундардын тартыштыгын азайтып, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.Возможно, это изображение план этажа

14-май, 2026-ж. / Редакция / Аймак 161
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X