Ош шаарында билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган курулуш иштери тынымсыз уланууда. Учурда шаар аймагында бир убакта 20 мектептин курулушу жүргүзүлүп жатат.
Алардын ичинен 10 билим берүү мекемеси Президенттин турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланса, калган объекттер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен салынууда.
Курулуп жаткан объекттердин катарында №37 Г. Айтиев атындагы орто мектебинин кошумча окуу корпусу да бар. Бул объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жүргүзүүдө.
Жаңы мектептердин жана кошумча корпустардын курулушу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүп, билим берүү мекемелериндеги орун тартыштыгын жоюуга өбөлгө болот.