Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 59

Ош шаарын жашылдандыруу иштеринин алкагында бүгүн шаардын бир катар аймактарына 2150 түп павловния көчөтү тигилди.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, анын орун басары Эрнис Толтоев жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери катышты.

Көчөт отургузуу иштери И. Раззаков көчөсүндөгү мурдагы көрүстөндүн ордунда жайгашкан Гүлкайыр тилкесинен башталып, бул жерге 150 түп павловния эгилди. Ал эми Көкүм бий көчөсүндө «Жаннат» мейманканасынан Унаа базарына чейинки жолдун жээгине 1000 түп көчөт отургузулду.

Мындан тышкары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына дагы 1000 түп павловния тигилди.

Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантылат. Муниципалитет шаар тургундарын жаңы отургузулган көчөттөргө аяр мамиле жасоого чакырды.

21-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 59
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X