Ошто 393,7 млн сомдук сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке кирет

26-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 124

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «ОбидФайз» ЖЧКсынын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводунун иши менен таанышты.

Долбоорго 393,7 млн сом инвестиция салынган. Каражат ишкананын өздүк эсебинен каржыланган. Учурда заводдун курулушу аяктап, ишкана пайдаланууга берүүгө даяр.

Завод ишке киргенде суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле 60 жаңы жумуш орду, ал эми сезон маалында 150дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Шаар мэри ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат алды.Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке  кирет - Reporter.kg

«ОбидФайз» заводун 2026-жылдын 30-декабрында пайдаланууга берүү пландалууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X