Ошто 450 балага ылайыкталган бала бакча пайдаланууга берилди
Ош шаарында көп жылдан бери оңдолбогон бала бакча жаңыланып, кайрадан балдарга эшигин ачты. №10 «Топ-Жылдыз» мектепке чейинки билим берүү уюмунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, бүгүн, 6-октябрда пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, эки кабаттуу бала бакча 450 балага ылайыкташкан.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, тиешелүү жетекчилер жана бакчанын жамааты катышты.
Мэр шаардагы бала бакчалардын тартыштыгын жоюу багытында иштер уланып жатканын белгилеп, «бардык аракеттерибиз балдар үчүн» экенин айтты.
Буга чейин «Топ-Жылдыз» бала бакчасынын имараты эскирип, көп жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй келген.