Ошто 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130

Ош шаарындагы Сүрөттүү-Таш айылында 500 окуучуга ылайыкталган №60 мектеп пайдаланууга берилди.

Жаңы мектептин ачылышы бүгүн, 6-октябрда, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өлкө боюнча бир убакта ачылган 20 социалдык объектинин алкагында өттү.

Мектепти көрүп чыккан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билим берүү мекемеси сапаттуу курулганын белгилеп, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал окуучулардын билим сапатына басым жасап, заманбап жана кызыктуу сабактарды өткөрүү маанилүү экенин айтты. Ошондой эле мектепте дилбаян сынагын өткөрүп, мыкты окуучуларга стипендия берүүнү убадалады.

Мектептин курулушу быйыл апрель айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 130
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X