Ошто 69 гектардан ашык жерде агроөнөр жай комплекси курулууда

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 89

Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплексин куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор ишке ашса, 980ден ашык адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, эт-сүт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү өнүгөт.

Комплекс 18 лотко бөлүнүп, фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилет. Ал жерлерге эт-сүт багытындагы мал багуучу сарайларды жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды куруу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясы «Коңур-Жаз» участогунда көлөмү 20 миң куб метр болгон суу кампасын куруп жатат. Ал пайдаланууга берилгенден кийин агроөнөр жай комплекси менен бирге 400 гектар кайрак жерди шарттуу сугат жерине айландырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз кезегинде малга тоют даярдоо маселесин чечүүгө өбөлгө болот.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 89
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X