Ошто адам өлтүрүүгө шектүү видеокамералардын жардамы менен бир саатта кармалды
Ош шаарында 29 жаштагы эркек киши бычактан алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 17-июль күнү саат 03:00 чамасында болгон. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, пикир келишпестиктен кийин 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран маркумга миздүү нерсе сайып, ак түстөгү жеңил унаа менен окуя болгон жерден из жашырган.
Шаардагы “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөл камералары аркылуу шектүүнүн жүргөн багыты аныкталып, ал саат 04:10 чамасында автоунаасы менен кармалган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.