Ошто аэропорт багытындагы унаа агымын жөнгө салуучу жол оңдолууда

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 136

Ош шаарында Суранчы Жетимишов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Ош көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо жана реконструкциялоо иштери башталды.

Долбоордун алкагында жолдун эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле ирригациялык лотоктор орнотулуп, көчөнүн инфраструктурасы толугу менен жаңыланат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган көчө автоунаалар үчүн өтө тар болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар каралган эмес.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев таанышып, жооптуу кызматтарга жумуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу менен бирге, аны белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Шаар башчысынын айтымында, көчөнүн реконструкциясы аяктагандан кийин “Ош” эл аралык аэропортуна баруу кыйла жеңилдеп, шаар ичиндеги автотыгындарды азайтууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X