Ошто африкалык балдар тобу кыргыз ыры менен көрүүчүлөрдү суктандырды

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 157

Ош шаарынын Борбордук аянты бүгүн шаңга бөлөнүп, эл аралык деңгээлдеги чоң концертке күбө болду. Сахнада Африканын Руанда өлкөсүнөн келген “MORIOX Kids” балдар командасы жана белгилүү ырчы Гүлназ Чыныбек кызы өнөр тартуулашты.

Жаш артисттер жогорку деңгээлдеги бийи жана аткаруучулук чеберчилиги менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн дароо бурду. Өзгөчө алардын кыргыз ырларын аткарып, “Кара Жорго” бийин чеберчилик менен бийлегени көпчүлүктүн купулуна толду.

Кыргыз маданиятына болгон урматын өнөрү аркылуу көрсөткөн руандалык балдарды Ош шаарынын тургундары жана меймандары кызуу кол чабуулар менен тосуп алышты.

Болжол менен 20 миңге жакын адам чогулган концертте музыка, бий жана маданият элдерди бириктирген өзгөчө атмосфера түздү.

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Маданият 157
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X