Ошто айыл чарба кооперативдерине күнөскана жана биогумус өндүрүүчү жайлар курулат
Кыргызстандын айыл чарба кооперативдерин колдоо жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча жаңы долбоор Ош облусунда ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) «Кооперативдерди колдоо» долбоорунун алкагында Ош облусунун Ноокат жана Чоң-Алай райондорундагы айыл чарба кооперативдери менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларга «Жар-Башы», «Чоң-Алай Картошка Өндүрүү», «Чоң-Алай Агро», «НҮКӨК», «Шарип-Ата» жана «Кыргыз-Ата Алмасы» кооперативдеринин өкүлдөрү катышып, долбоорду ишке ашыруунун негизги багыттары талкууланды.
Долбоордун алкагында ар бир кооперативге 400 чарчы метрлик заманбап күнөскана курулуп, 70 чарчы метрлик биогумус (сөөлжан) өндүрүүчү жай уюштурулат. Мындан тышкары, фермерлер үчүн окуу-семинарлар өткөрүлүп, органикалык айыл чарбасына өтүү боюнча практикалык колдоо көрсөтүлөт.
Бул демилге кооперативдердин өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, органикалык дыйканчылыкты өнүктүрүүгө жана экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.