Ошто аксакалдар сотторунун ишин жакшыртуу боюнча форум өттү
Бүгүн, 30-сентябрда Ош шаарында аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө арналган форум өттү. Иш-чараны Ош облустук соту демилгелеген.
Форумга Кыргызстандын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Джекшенбеков, райондук соттордун төрагалары, район акимдери, шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары жана аксакалдар сотторунун жетекчилери катышты.
Аманкан Кенжебаев аксакалдар институтунун коомдогу ордуна токтолуп, алардын калыстыгы коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоодо маанилүү экенин белгиледи.
Форумдун жүрүшүндө аксакалдар сотторунун ишин жаңы деңгээлге чыгаруу, көйгөйлөрдү аныктоо жана мамлекеттик органдар менен кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү бийлик органдарына аксакалдар соттору үчүн тиешелүү материалдык-техникалык шарттарды түзүүнү тапшырды.
Жыйынтыгында аксакалдар сотторунун ишин жакшыртууга багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды.