Ошто Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин тарыхый мурасы талкууланды
Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын тарыхындагы Алымбек датка, Курманжан датка жана Камчыбектин ордуна арналган илимий конференция өттү.
Иш-чара Ош шаарынын күнүнө карата мэрия тарабынан уюштурулган бир жумалыктын алкагында өткөрүлүп, ага тарыхчылар, окумуштуулар, окутуучулар, изилдөөчүлөр жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Конференцияда Ош шаарындагы тарыхый жайларды сактоо, изилдөө жана кайра жандандыруу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл азыркы тергөө абагы жайгашкан аймактын тарыхына бурулду. Катышуучулардын айтымында, бул жерде мурда кербенчилер үчүн курулган тарыхый «Караван-сарай» жайгашкан.
Ошондой эле Алымбек датканын уулу Камчыбекке таандык болгон «Камчыбектин үйүн» тарыхый ордунда кайра түптөп, музей катары ишке киргизүү демилгеси көтөрүлдү.
Адистер тарыхый жайдын ордун илимий жактан изилдеп, анын тарыхый баалуулугун аныктоо, сактоо жана реставрациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Катышуучулар тарыхый-маданий мурастарды сактоо менен катар, аларды келечекте Ош шаарынын туристтик багытынын маанилүү объектилерине айландыруу боюнча сунуштарын билдиришти.
Конференциянын негизги максаты — Ош шаарынын тарыхындагы маанилүү инсандардын жана тарыхый жайлардын мурасын илимий жактан изилдеп, аны кийинки муундарга жеткирүү.