Ошто балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы пайдаланууга берилди

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 91

Ош шаарындагы А. Масалиев көчөсүнүн №58 дарегинде балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы пайдаланууга берилди.

Аталган аймактын жашоочулары буга чейин балдар ойной турган жай жок экенин айтып, шаардык мэрияга кайрылышкан.

Жаңыланган аянтта балдар үчүн оюн элементтери менен катар футбол аянтчасы да курулуп, керектүү шарттар түзүлдү.

Эми жергиликтүү тургундардын балдары бош убактысын ушул жерде өткөрө алышат.

24-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X