Ош шаарында жаштар арасында баңгизаттык, психотроптук жана синтетикалык заттардын мыйзамсыз колдонулушунун алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэриянын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, анын курамына шаардык кызматтардын өкүлдөрү, укук коргоо органдары жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери кирген.
Рейддин алкагында шаар аймагындагы бир катар дарыканалар текшерилип, баңгизаттык жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз сатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүү маалында дарыкана кызматкерлерине мыйзам талаптары эскертилип, катуу көзөмөлгө алынуучу дары-дармектерди сактоо жана сатуу эрежелери тууралуу маалымат берилди.
Тиешелүү кызматтар мындай профилактикалык иштер мындан ары да улантыларын белгилешти.