Ошто бетон арыктарын чыгарган цехтин курулушу токтотулду

12-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 108

Ош шаарындагы бетон арыктарын өндүрүүчү цехтин курулушунан мыйзам бузуу аныкталды. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин шаардык башкармалыгы И. Раззаков көчөсү, 21 дарегинде жайгашкан объектти текшерип, курулушта тиешелүү шайкештик сертификаты жок материалдар колдонулганын аныктаган.

Мыйзам бузуу боюнча жеке ишкер Э.У.Т.га карата акт түзүлүп, административдик чара көрүлдү. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин объекттин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.Возможно, это изображение склад лесоматериалов и текст

Департамент курулуш жүргүзгөн жарандарды жана ишкерлерди мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин жана техникалык регламенттерди так сактоого чакырды.

12-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X