Ошто борбордук базардын ижара акысы төмөндөшү мүмкүн

15-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев борбордук базардын соодагерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда жер акысынын жогору болушу, коомдук транспорт каттамдарынын жетишсиздиги жана базарга алып баруучу альтернативдик жолдорду куруу маселелери көтөрүлгөн. Шаар башчысы айрым көйгөйлөрдү жеринде чечип, тиешелүү мекеме жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берген.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, ижара акысын төмөндөтүү маселеси шаардык кеңештин жыйынында каралып, аны 50 пайызга чейин арзандатуу сунушталары белгиленди.

Ошондой эле Осмонов көчөсүнү кеңейтүү долбоорунун алкагында 20-апрелден тарта асфальт төшөө иштери башталары маалымдалды. Мындан тышкары, соодагерлердин базардын расмий ачылышын өткөрүү демилгеси колдоого алынып, мэрия уюштуруу иштерине көмөк көрсөтөрү айтылды.

Эскерте кетсек, жаңы муниципалдык базарга шаардагы 30га жакын соода түйүнү көчүрүлгөн. Учурда башаламан сооданы тартипке келтирүү жана соодагерлерди жаңы базарга жайгаштыруу иштери улантылууда.

15-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X