"Эркин-Тоо"

Ошто чек арадан 75 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

Ошто чек арадан 75 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.М. жана А.у.А. “Достук-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 75 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан чыгарып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалышты.

КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле КР улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын бюджетине 568 миң 230 сом (б.а. белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) кайтарылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!