Ошто дыйканга кол салуу. Эл колдоосу күчөп, укугу корголду

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 216

Ош шаарында сатуучулардын кол салуусуна кабылган дыйканга жаңы базардан соода орду берилди.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев дыйкан менен жеке жолугушуп, фермерлердин эмгеги бааланышы керектигин жана мындай көрүнүштөр кайталанбашы зарылдыгын белгиледи.

«Биз фермерлердин эмгегин баалашыбыз керек. Кечээ болгон сыяктуу окуялар кайталанбашы зарыл. Ошондой эле шаардык милициянын жетекчилиги менен сүйлөштүм. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Баарыбыз бир шаардын тургундарыбыз. Кайсы жерде болбойлу, бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле жасап, агрессияга алдырбашыбыз керек», — деди мэр.

Мэрдин тапшырмасы менен жаңы базардын администрациясы дыйканга өз продукциясын сатуу үчүн соода ордун бөлүп берди.

Эске салсак, буга чейин Социалдык тармактарда Ош шаарындагы базарда кулпунай сатып жүргөн жарандын сабалганы тууралуу маалымат кеңири талкууга түштү.
Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, көптөгөн жарандар жабырлануучуга моралдык колдоо көрсөтүшүүдө.
Учурда окуя боюнча тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Коомчулук эмгеги менен үй-бүлөсүн багып жүргөн жарандардын укугу корголушу керектигин белгилеп, мындай көрүнүштөр кайталанбашы зарыл экенин айтууда. Социалдык тармактарда дыйканды колдогон посттор, мемдер жана ЖИ менен жасалган кыска видеолор кеңири тарап жатат.

6-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 216
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X