Ошто дзюдо боюнча республикалык чемпионат өтөт
Үстүбүздөгү жылдын 23-25-январь күндөрү Ош шаарындагы “Газпром – балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде эркектер жана кыз-келиндер арасындагы дзюдо боюнча чемпионат өтөт. Ал Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын улуттук дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулат.
Мелдеште кыз-келиндер 48, 52, 57, 63, 70, 78 кг чейинки жана +78 кгдан жогору салмак категорияларында күч сынашат. Ал эми эркектер 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг чейинки жана +100 кгдан жогору салмак ченинде беттешет.
Чемпионатты өткөрүүнүн негизги максаты – 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамын түзүү жана аныктоо. Ошондой эле дзюдо боюнча курама командага талапкерлерди тандоо, жаштардын ынтымагын бекемдөө, жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга үндөө, балбандардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.