Ошто “Эмаком” курган көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын маселеси чечилди
Ош шаарындагы “Эмаком” компаниясы курган 12 кабаттуу турак жай комплексинин жашоочуларынын көйгөйү чечилди. Буга чейин үйдүн курулушу аяктаганы менен, объектти пайдаланууга кабыл алуу боюнча шайкештик актысы алынбай, тургундар бир катар кыйынчылыктарга туш болуп келген.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-августта турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн жеринен укту.
Тактап айтканда, тиешелүү документтердин толук бүтпөгөнүнөн улам коммуналдык кызматтар коммерциялык тариф менен эсептелип, газга кошулуу маселеси да чечилбей келген.
Министр маселени мыйзам чегинде тез арада жөнгө салууну тиешелүү башкармалыктарга тапшырды.
Натыйжада, 19-августта Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан аталган турак жайды пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы берилди.
Мындан ары үйдүн жашоочулары үчүн коммуналдык кызматтарга байланышкан маселелерди мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салууга жол ачылат.
Ошондой эле Нурдан Орунтаев министрликти жетектеп келген учурда өлкөдө мыйзамсыз курулган көп кабаттуу объектилердин саны 200гө жакын болгонун, учурда алардын саны 10го жакын калганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү жана көп кабаттуу үйлөрдү мыйзам талаптарына ылайык пайдаланууга берүү боюнча иштер уланууда.