Ошто Г. Айтиев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 103

Ош шаарындагы Г. Айтиев көчөсүнүн Ш. Руставели көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки 1305 метрлик бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Оңдоо иштеринин алкагында жолго 12 сантиметр калыңдыктагы жаңы асфальт төшөлүп, эки тарабына жалпы узундугу 3400 метр тротуар курулду. Мындан тышкары ирригациялык лотоктор орнотулуп, жол чиймелери жаңыртылып, жаңы жол белгилери коюлду.

Буга чейин көчөдөгү тротуарлардын эскилиги жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратып келген. Капиталдык оңдоодон кийин көчө заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X