Ошто ИИМ өкүлдөрү катышкан иш-чара болду

24-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 41

22-23-март күндөрү Ош облусунда жана Ош шаарынын аймагында  “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Буга чейин Бишкек шаарында бул масштабдуу иш-чара уюштурулган.

Мыйзам долбоордун негизги максаты — адам укуктарын, эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, КР аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо.

Учурда дүйнөдө жана Кыргызстанда мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасир тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алып келет.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынын практикалык иш тажрыйбасы экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу бардык субъекттерди мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана бул чөйрөдөгү алардын негизги компетенцияларын аныктоонун зарылдыгын көрсөтүлдү.

Тегерек столго ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башкармалык начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм начальнигинин орун басары Самат Осмонов, улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Манас Аманбаев, жергиликтүү бийликтин, өз алдынча башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, активисттер жана дин кызматкерлери катышты.

 

 

 

24-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X