Ошто кароосуз калган бажы имаратынан курал-жарак жана ок-дарылар табылды

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 92

Ош шаарында пайдаланылбай калган бажы имаратынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.

УКМКнын маалыматына караганда, «Бими Ош Сервис» бажылык тариздөө жайынын пайдаланылбаган имаратында курал сактоого атайын жабдылган бөлмө аныкталган. Ал жерден ок атуучу курал жана ок-дарылар салынган сейф табылган.

Тинтүү учурунда 3 тапанча, 5 ок магазини, 12 калибрдеги 31 ок, 9×17 мм калибрдеги 47 ок, 9 мм калибрдеги 14 ок, 8 АМГ огу жана 3 рация алынган.

Учурда табылган курал-жарактардын келип чыгышы жана жашыруун жайды уюштурган адамдардын өздүгү аныкталууда.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 92
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X