Ошто «Келечек» муниципалдык базары ачылды

Ош шаарында жаңы “Келечек” муниципалдык базары пайдаланууга берилди.
Маалыматка ылайык, жаңы соода жайында 7 жана 15 чарчы метрлик 1300дөн ашуун соода орду каралган. Ошондой эле аймакта 1000ден ашуун унаа токтотуучу жай, мөмө-жемиш базары, кошумча соода аймактары жана тейлөө объектилери жайгашкан.

Шаар бийлиги соодагерлердин кайрылуусунун негизинде жер акысы 50 пайызга чейин төмөндөтүлгөнүн билдирди. Мындан тышкары, базарга каттаган маршруттук унаалардын саны көбөйтүлгөн.

Учурда жаңы базарга этап-этабы менен 30га жакын чакан жана ири соода түйүндөрү көчүрүлүп жатканы маалым болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X