Ошто климатка ылайыкташкан заманбап бала бакча ачылды

30-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 129

Ош шаарындагы №76 Курманжан-Датка атындагы бала бакча капиталдык модернизациядан кийин кайрадан ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакчанын жамааты, ата-энелер жана коноктор катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Масуда Айдарбекова долбоордун ишке ашуусуна колдоо көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган бала бакчанын жамаатын жана ата-энелерди куттуктады. Ал мындай демилгелер балдар үчүн коопсуз, жайлуу жана экологиялык жактан таза шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгиледи.Возможно, это изображение детская игрушка

Бала бакчаны реконструкциялоо иштери ЮНИСЕФтин «Климаттык бизнес-модель» демилгесинин алкагында жүргүзүлдү. Долбоордун негизинде мекеменин эски көмүр менен жылытуу системасы заманбап жылуулук насосторуна алмаштырылды.Возможно, это изображение ребенок, учеба, стол и детская игрушка

Жаңы система электр энергиясы менен иштеп, көмүрдү колдонбойт. Натыйжада зыяндуу түтүндүн көлөмү азайып, абанын сапаты жакшырат. Мындан тышкары, имараттын ичинде жылуулук туруктуу сакталып, тарбиялануучулар үчүн ыңгайлуу жана ден соолукка пайдалуу шарт түзүлдү.

Бул долбоор климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан инфраструктураны өнүктүрүүгө жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде экологиялык жактан туруктуу чечимдерди жайылтууга багытталган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X