Ошто коомдук тамактануу жайларынын 95%ы жаңы система менен иштеп жатат
Ош шаарында коомдук тамактануу жайларына фискалдык программалык камсыздоону киргизүү оң жыйынтык берүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы система ишке киргенден кийин коомдук тамактануу тармагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык кирешелер 60 пайызга өскөн. Бул ишкерлердин киреше-чыгашасын ачык жана так эсепке алуу мүмкүнчүлүгү кеңейгенин көрсөтөт.
Пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында бир мезгилде башталган. Анын негизги максаты коомдук тамактануу тармагын толук санариптештирип, көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу.
Жаңы фискалдык программа аркылуу накталай жана накталай эмес төлөмдөр автоматтык түрдө катталып, ар бир соода операциясы реалдуу убакыт режиминде Мамлекеттик салык кызматынын маалымат базасына жөнөтүлөт. Мындай ыкма кардар менен ишкердин ортосундагы эсеп-кысаптын ачыктыгын камсыздайт.
Ош шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, санариптештирүү ишкерлер үчүн кошумча түйшүк жаратпастан, адилеттүү атаандаштык чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө болууда. Учурда шаардагы коомдук тамактануу жайларынын 95 пайыздан ашыгы жаңы фискалдык система менен иштеп жатат.