Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларда тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар күчөтүлөт. Бул маселе мэрияда өткөн калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча координациялык комиссиянын жыйынында каралды.
Жыйында шаардагы кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык жана ветеринардык талаптардын аткарылышы талкууланып, айрым объектилерде мыйзамда каралган нормалар толук сакталбай жатканы белгиленди.
Мындан улам тиешелүү көзөмөлдөөчү органдарга коомдук тамактануу жайларында туруктуу мониторинг жүргүзүү, аныкталган мыйзам бузууларды өз убагында жоюу, ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана тамак-аш азыктарынын сапаты менен коопсуздугун камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ишкерлерге санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык жана техникалык талаптарды так сактоо эскертилип, жарандардын ден соолугун коргоо маселеси өзгөчө көзөмөлдө болору белгиленди.