Ошто Курман айтка карата ири майрамдык иш-чара өтөт

20-май, 2026-ж. / Редакция / Аймак 231

Аль-Умма фонду 28-май күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта Курман айтка арналган ири майрамдык иш-чара өткөрөт. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чара Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп, шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо, коомдогу ынтымакты жана өз ара сый-урматты бекемдөөнү максат кылат.

Майрамдын өзгөчө коногу катары эл аралык деңгээлде таанылган нашид аткаруучу Бараа Масуд Кыргызстанга алгачкы жолу келет. Ал дүйнөлүк чыгармачылык сапарынын алкагында кыргызстандыктар үчүн кайрымдуулук концертин тартуулайт.

Майрамдык программада расмий куттуктоолор, кыргыз акындарынын жана чыгармачыл жамааттардын концерттик номерлери, балдар жана чоңдор үчүн оюн-зооктор, спорттук мелдештер, акысыз мастер-класстар, дегустациялык аянтчалар жана Кыргыз Республикасынын Эл Ассамблеясы уюштурган маданият фестивалы орун алат. Ошондой эле үй-бүлөлөр жана балдар үчүн атайын эс алуу аянтчалары даярдалат.

Белгилей кетсек, Аль-Умма фонду буга чейин дагы Кыргызстанда бир катар социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырып келген. Фонддун чакыруусу менен өлкөгө белгилүү түрк ашпозчусу CZN Burak, түштүк кореялык блогер Дауд Ким жана египеттик нашид аткаруучу Мохаммад Юсуф келген.

Иш-чара Ош шаарынын борбордук аянтында саат 18:00дө башталат. Кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X