Ошто Курманжан-Датка аймагындагы талаштуу жер элдин пайдасына чечилди

25-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149

Ош шаарынын Курманжан датка аймагындагы жашоочулардын көп жылдан берки өтүнүчү аткарылып, аймакка заманбап балдар аянтчасы курулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жер тилкесине көп кабаттуу ипотекалык турак жай куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок жергиликтүү тургундар бул аймакка балдар аянтчасын куруу талабын коюп келишкен.

Шаар мэри Жанарбек Акаев тургундардын кайрылуусун эске алып, көп кабаттуу үй куруу боюнча чечимди жокко чыгарган.

Учурда балдар аянтчасын куруу боюнча долбоорлоо иштери башталган. Долбоор аяктагандан кийин курулуш иштери дароо башталары маалым болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X