Ошто Курманжан датка көчөсүндө тротуар жаңыланып жатат
Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүнүн А. Навои жана Касымбеков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө жаңы тротуар куруу иштери башталды.
Жаңы тротуардын узундугу 7 чакырымды түзүп, туурасы 2,25 метр болот. Долбоор жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, шаар мэри Жанарбек Акаев сунуштаган демилгенин алкагында көчөнүн эки тарабы жашылдандырылып, тротуар менен катар жашыл аймак уюштурулууда. Учурда бул тилкеге 300 түп акация көчөтү отургузулду.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Курманжан датка көчөсү толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп, ирригациялык лотоктор орнотулган. Жаңылоо иштери шаар инфраструктурасын жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.