Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес-форуму өттү

22-июль, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 143

22-июлда Ош шаарындагы «Jannat Resort» мейманканасында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин бизнес-форуму өттү.

Форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек и помост

Иш-чарага Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Өзбекстандан келген 80ге жакын ишкер соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Форумдун алкагында Ош шаарынын туристтик потенциалы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, катышуучулар шаарда ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлор тууралуу маалымат алышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X