Ошто кышка даярдык кызуу жүрүүдө

20-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 131

Ош шаарында 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүүдө. Бул маселе боюнча бүгүн, 20-августта шаар мэриясында штабдын жыйыны өтүп, тиешелүү мекеме-ишканалардын даярдыгы талкууланды.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев жетектеди. Маалыматка караганда, шаардагы жылуулук электр борборунда үч буу казаны даярдалып, 3 миң 115,3 тонна мазут жеткирилди.

Ал эми “Ошжылуулукэнерго” ишканасына караган 111 откананын 74ү кышка даяр. Көмүрдүн кору 6 миң 153 тоннаны түзөт.

Электр тармактарында, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде да даярдык иштери уланууда.

Жыйын соңунда жооптуу жетекчилерге жылытуу мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырылды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X