Ошто кытайлык инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Ош шаары менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу Лю Минчэни кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана туристтик багыттардагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери каралды.

Акаев кытайлык инвесторлордун Ошко кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды көбөйтүүнү сунуштады. Мэрия инвесторлор үчүн шарт түзүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга макулдашты.

Белгилей кетсек, Ош шаары Кытайдын Үрүмчү, Сиань, Синин, Шицзячжуан, Ланьчжоу, Фошань, Далянь жана Кашкар шаарлары менен боордоштук байланышта.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X