Ошто мамлекеттик тил мыйзамы көзөмөлгө алынды. Ишкерлерге эскертүү берилди
Ош шаарында мэр Жанарбек Акаевдин катышуусунда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүүгө багытталган рейд өттү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам талаптарына жооп бербеген жарнамалык такталар, көрнөк-жарнактар жана маалыматтык жазуулар аныкталды. Аларды мыйзамга ылайык келтирүү үчүн айрым ишкерлерге бир саат убакыт берилди.
Мэр Жанарбек Акаев шаар бийлиги мыйзам чегинде иш алып барган ар бир ишкерди колдоорун белгилеп, ошол эле учурда бардык жарандар жана ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын так сактоого милдеттүү экенин айтты.
«Шаар бийлиги мыйзам чегинде иш алып барган ар бир ишкерди колдойт. Бирок сиздер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактап, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарын сөзсүз аткарышыңыздар керек», – деди шаар башчысы.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай рейддер мыйзам бузуулардын алдын алуу, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жана шаардагы коомдук тартипти чыңдоо максатында мындан ары да туруктуу негизде улантылат.