Ошто мектепке баруучу жол мыйзамсыз объектилерден тазаланууда

25-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 136

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Б. Алыкулов атындагы мектептин айланасын иретке келтирүү иштери жүрүп жатат.

Мектепке кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жай, гараждар жана башка мыйзамсыз жайгашкан объектилер алынып салынууда.

Аймак толук тазалангандан кийин мектепке баруучу жол ачылып, окуучулар үчүн коопсуз жана эркин өтүүгө шарт түзүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X