Ошто облустук оорукананын имаратынын сейсмикалык абалы бааланды

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116

Ош облустук клиникалык ооруканасынын D блогунун имаратынын техникалык жана сейсмикалык абалы текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк филиалы тарабынан жүргүзүлдү.

Адистер Ош шаарынын Увамская көчөсү, 12В дарегинде жайгашкан имараттын учурдагы абалын баалап, аны перинаталдык борбор катары реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн кароо максатында инженердик изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда долбоордук жана техникалык документтер каралып, имараттын негизги конструкциялык элементтери өлчөндү. Ошондой эле алардын бекемдигин жана техникалык абалын аныктоо үчүн тиешелүү сыноолор өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында имараттын курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду чыгарылат.

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X