Ошто окуучулар үчүн атайын автобустар каттамга чыкты

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 141

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн жаңы атайын автобустар каттамга чыкты.

Шаардагы алгачкы балдар автобустарынын иши менен бүгүн мэр Жанарбек Акаев өзү таанышып, окуучулар менен бирге жол жүрдү.

Автобустар балдардын коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна өзгөчө басым жасалып жабдылган. Ичинде ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана окуучулар үчүн зарыл шарттар каралган.

Бул демилге мектепке жетүүдө кыйналган балдар үчүн жолду жеңилдетип, коопсуз каттамды камсыздоого багытталган.

Ал эми шаар бийлиги алдыда мындай автобустардын санын дагы көбөйтүүнү пландоодо.

Ошто окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол башталды!

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 141
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X