Ошто «Ош акварели» жана «Jai Jai» эл аралык өнөр долбоорлору ачылды
Ош шаарында маданий жашоодогу маанилүү эки иш-чара — «Ош акварели» көргөзмөсү жана «Jai Jai» (Жай, жай) эл аралык заманбап өнөр долбоорунун ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева катышты.
«Ош акварели» көргөзмөсү Ош шаарында акварель өнөрүнө арналган алгачкы атайын долбоорлордун бири катары өзгөчө мааниге ээ. Ал акварель өнөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн таанытып, жаш таланттарга дем берүүгө багытталган.
«Jai Jai» — Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген чыгармачыл адамдарды бириктирген эл аралык долбоор. Ал аркылуу Ош шаарынын тарыхына, бүгүнкү турмушуна жана келечегине заманбап искусствонун тили менен көз чаптырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Винера Раимбачаева бул иш-чаралар КР Президентинин Жарлыктарын турмушка ашыруунун көрсөткүчү экенин белгилеп, мындай демилгелер Ош облусунун жетекчилиги тарабынан колдоого алынарын айтты.
«Бул көргөзмөлөр аркылуу биз акварель өнөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык изденүүлөрүнө күбө болобуз. Ар түрдүү көз караштар Ошту жаңыча түшүнүүгө жана анын маданий мейкиндигин кеңири кабыл алууга шарт түзөт», — деп баса белгиледи Винера Раимбачаева.