Ошто өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүчү көп функционалдуу борбор ачылды
Бүгүн, 8-октябрда Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө жана жергиликтүү жамааттар үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган жаңы көп функционалдуу борбордун ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Элчиси Реми Дюфло, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.
Жаңы борбор жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жана жарандык коргонууну колдоого багытталган. Бул жерде өзгөчө кырдаалдар учурунда зарыл болгон материалдык запастарды сактоо, кризистик кырдаалдарда координациялык иштерди жүргүзүү жана зарыл учурда жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан тышкары, борбор жергиликтүү тургундар үчүн окуу-тренингдерди, жолугушууларды, спорттук жана социалдык иш-чараларды, ошондой эле балдар жана жаштар үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзөт.

Борбор Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын ортосундагы чек ара аймактарын өнүктүрүү демилгесинин (CDI) алкагында курулган. Долбоор Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фонду тарабынан «Тоолуу коомдорду өнүктүрүүнү колдоо программасы» (MSDSP) аркылуу, Улуу Британиядагы Ага Хан Фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылды.
Жаңы борбордун ачылышы жергиликтүү калктын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатууга, коомдук коопсуздукту бекемдөөгө жана жамааттардын туруктуулугун күчөтүүгө өбөлгө түзөт.